Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 176

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо маалында Бишкек шаардык ИИББИ күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Алар Бишкектин аймагында коомдук коопсуздукту, тартипти сактоого чакыруу менен бирге жол кыймылынын коопсуздугуна да көзөмөл жүргүзүүдө.

Ошондой эле COVID-19 илдетинин жайылып кетишинин алдын алуу үчүн жарандардын бардык санитардык эрежелерди сактоосун эскертүүдө.

Добуш берүү өнөктүгү бүгүн саат 08:00 — 20:00 аралыгында жүрөт.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына 16 партия ат салышууда. Алар: «Биримдик», «Мекенчил», «Ыйман Нуру», «Мекеним Кыргызстан», «Реформа», «Ата-Мекен», «Замандаш», «Бүтүн Кыргызстан», «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Афган согушунун ардагерлери», «Ордо», «Бир Бол», «Республика», «Кыргызстан» жана «Чоң Казат» партиялары.

Кошумчалай кетсек, БШК бул жолку парламенттик шайлоону уюштурууга 449,58 млн сом коротту. Добуш берүү үчүн жалпы 2474 шайлоо участогу ачылды. Жалпы 3 млн 523 миң 532 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары 5928 бюллетень Брайль тамгасы менен жасалган.

Булак: Маралфм