Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 149

Бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, парламенттик шайлоо башталды.

Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Шайлдабекованын айтымында, парламенттик шайлоого карата жалпы 2 миң 475 шайлоо тилкеси даярдалып, анын ичинде чет мамлекеттерде 45 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоочулардын тизмесине 3 млн 523 миң 532 киши киргизилген.

"Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоосу башталды. Шайлоочулардын 48%ын аял кишилер, 52%ын эркек кишилер түзөт. Ал эми 30 жашка чейинки жаш шайлоочулар 29%ды түзөт. Парламенттик шайлоого карата 16 саясий партия БШКда 1 миң 957 талапкерин катталды. Алардын ичинен 57 талапкер ар кандай себептер жана өздөрүнүн берген арызына ылайык, талапкерлердин тизмесинен чыгарылган. Талапкерлердин 618и аял кишилер", - деди ал.

БШК төрайымы шайлоо тилкелерине добуш берүүгө келип жаткан ар бир жаранды санитардык эрежелерди сактоого чакырып өттү.

Быйылкы парламенттик шайлоого 16 партия катышууда:

1. «Ата-Мекен»
2. «Бир-Бол»
3. «Биримдик»
4. «Замандаш»
5. «Кыргызстан»
6. «Мекеним Кыргызстан»
7. «Мекеним Ынтымагы»
8. «Мекенчил»
9. «Ордо»
10. «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»
11. «Республика»
12. «Реформа»
13. «Социал-Демократтар»
14. «Чоң Казат»
15. «Ыйман Нуру».
16. «Бүтүн Кыргызстан».

Булак: Кабар