Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 135

Бишкек, "Саясат. kg". Коррупционерлерге, ууруларга, чыккынчыларга, көпөстөргө  "жок" дегиле! 

 Бүгүн тагдыр чечүүчү күн! Биз го сассык  саясаттын  курмандыгы болгон муунбуз. "Жок" дегенде келечегибиз болгон балдарыбыздын келечегин сатпайлы. Бүгүн, элге 12 саат убакыт берилет, келечекти тандап алууга. Мына ошол 12 саат ичинде туура тандоо жүргүзсөк, балдарыбыз үчүн туура жолду тандап алган болобуз.

Коррупционерлерге, ууруларга, чыккынчыларга, көпөстөргө  "жок" дегиле! 

"Шайлоо" деп,жүрүп ушул балдарым менен 1 айдан бери жакшы ойной албаймын. Келсем уктап калган болот. Бүгүн дагы ушул көрүнүш. Күндө маңдайынан сүйүп анан уктап каламын.  Эрте менен кайра кетем. Телефон аркылуу сүйлөшүп калдык. "Ушулардын келечеги" деп,1 айдан бери чуркап жүрөм.   Мен баарына макулмун. Болгону балдарымдын келечеги кең болсун! Биз көрбөгөн жакшылыктарды,биз жетишпеген жетишкендиктерге жетишсин. Мамлекетибиз бутуна туруп,өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирсин. Болду, жетишет! 

Сураныч, сатылбаңыздар!

Кылыч Шанаев