Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 277

Бишкек, "Саясат. kg". Лидерлер дебатында. 

Коронавирустун сыяктуу коркунучтарга алдын ала даярданып, заманбап шарттагы ооруканаларды куруу зарыл. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев КТРКдагы парламенттик шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлеринин дебатында билдирди.

“Аймактардагы элге конкреттүү жардам берүү керек. Бишкекте отуруп алып программа түзүп, аткарылбаган программалар үчүн акча жей бербестен, учурдун талабына жооп бере турган заманбап ооруканаларды курууну көбөйтүү зарыл. Илдет менен күрөшүүгө сырттан келген 600 миллион долларга 44 районго бардык шарты менен ооруканаларды куруп коюуга мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Бирок аны пайдаланбадык. Эми элдин саламаттыгынын коопсуздугун биринчи орунга коюп, конкреттүү иштерди жасоо керек”, - деди Камчыбек Ташиев.