Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 280

Бишкек, "Саясат. kg". Лидерлер дебатында. 

Эмнеге өлкөдө бийлигинде жоопкерчиликсиздик жок? КТРКдагы парламенттик жарышка аттанган саясий партиялардын лидердеринин дебатында Камчыбек Ташиев 2010-жылдын июнь айында Ош коогалаңынын запкысы кете элек чакта шашылыш өзгөртүлгөн Башмыйзамды туураламайынча жоопкерчиликсиздик улана берээрин белгиледи.

“Конституция жоопкерчилиги жок Конституция болуп калган. Эртең парламентке бара турган партиялардын үчөө биригип коалиция түзүшү керек болуп калса, мамлекеттик кызматтарды бөлүп алышат да, жоопкерчиликти дагы да эч ким албайт. Себеби Конституция ушуга багытталып калган. Эгерде 2010-жылы Ош коогалаңы болуп, эл айласын таппай турган чакта кабыл алынган Башмыйзам менен кетсек, дагы да бул маселени чече албайбыз. Бир партия көпчүлүк мандат менен, мисалы “Мекенчил” 65 мандат менен парламентке келсе, анда өкмөтту өзүбүз түзүп, жоопкерчиликти да өзүбүз ала алабыз. Андай болбосо, бир нече  партиядан куралган коалиция жоопкерчиликсиздиктин башаты болуп берет”, - деди Камчыбек Ташиев.