Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 142

Өз тагдырыбызды чечүүчү кадам жасай турган учур өтө жакын калды.

Туптуура эки күндөн кийин өлкө тагдырын, өз тагдырыбызды кимдердин колуна ишенип тапшыра турганыбыз белгилүү болот. Акча жеңеби, алдамчылык жеңеби же абийир, ар-намыс жана өлкө кызыкчылыгы жеңеби?

Бир айга созулган үгүт иштери бизге бир чечимге токтолушубуз үчүн жетишээрлик эле убакыт болду. Кайсыл партияда кандай деңгээлдеги талапкерлер бар экенин жалпы жонунан биле алдык. «Коррупцияны жоебуз» деп өздөрүнүн топтогон байлыктары шек жараткандар сүйлөдү. Мурда жана учурда да криминалдык чөйрө менен байланышы барлар «мыйзамдуулукту орнотобуз» деди. «Мамлекетти өнүктүрө ала турган, ишенимдүү программасы, багыты бар жападан жалгыз партия – бул биздики» дегени менен өз партиясынын идеологиясын билбегендерди көрдүк. «2000 сомго алданбагыла, добушуңарды сатпагыла» деп лидерлери сүйлөп жатса, партиясынын жер-жерлердеги штабдарынын өкүлдөрү конверт-конвертке бөлүп акча таратып жаткандарды билдик. Эгерде үгүт иши дагы бир айга узартылса, анда бул партиялардын эч кандай жашыруун сыры калбай калчудай. Ушул жагы деле жетиштүү.

Саясат өзү көп жүздүү. Ырасын айтканда, биздин өлкөдө саясат ушундай кабылданып калган. Телеканалдардан, радиолордон, басылмалардан, социалдык түйүндөрдөн «Таза коомду курабыз. 29 жыл коррупционер, ууруларга алданып келдик. Эми ага жол бербейбиз» деген жалындуу сөздөр айтылып жатат. Бирок, ошол сөздөрдү айтып жаткандар кимдер экенин көрүп туруп маанайың чөгөт. Кантип коррупционер жана ууру коррупция, уурулук менен күрөшөт эле?

Дагы бир жагдайды айта кетели, кайсыл бир партияга 100% кепилдик берилген ишеним менен токтолуу да кыйын болуп турат. «Ушул мыкты саясатчы, таза, билимдүү, маданияттуу» деп бааланган талапкерлердин катарында мурда-кийин кылмыш иштерине шектелгендер, мамлекеттик кызматтарда туруп байыгандар, криминалдык чөйрөдөн чыккандар да болуп калды. Ошентип сен өзүң ишенген, шайлагың келген талапкерди тандасаң, аны менен кошо парламентке коррупционер, ууру жана криминалды кошо тандап койгону турасың. Бул жолку элдин тандоосуна жаралып турган тоскоолдук ушул болуп калды.

Добуш сатып алуу аракеттери көбүнесе борбордон алыскы аймактарда жасалып жатканы эмнени түшүндүрөт? Парламентке жутунуп турган партиялардын талапкерлери да кайсыл жактан добуш сатып алуу ыңгайлуу экенин түшүнүп турат. Борбордо, чоңураак шаарларда жашагандарга салыштырмалуу алыскы аймактардын жашоочуларынын жашоо-шарты албетте оорураак. Демек, алар үчүн 2000-3000 сом дагы чоңураак акчадай сезилиши мүмкүн. Анан дагы элибиздин «акчасын алгандан кийин карыз болбой добушту берип коелу» деген ак көңүлдүгү бар. Бул фактор дагы жаңы чакырылыштагы парламент акчалуулардан куралып калышына алып келет. Анан беш жыл бою наалып жашайбыз.

Биздин элге тиешелүү дагы бир «оору» - «Биздин жердин кулуну» деген түшүнүк. Азыр айрым талапкерлер өздөрүнүн кичи мекенине барып алып «Биздин облустун жигиттерин тигил жактагылар сындырып коелу деп жатышат. Башка жактарды билбейм, бирок мен өзүмдүн жердештеримден 100% добуш алам деп ишенип турам» деген үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. «Өзүбүздүн жердеш да» деп шайлап алып деле кайра беш жыл бою наалый турганыбыз мындай убакта эстен чыгат. «Тигил жактагылар» деп бөлүп сүйлөп жаткан талапкер эч качан мамлекеттин бүтүндүгү тууралуу ойлонбой турганын элес албайбыз.

Кандай тандоо кылсаңыз да, эрк жалгыз өзүңүздүн колуңузда мекендеш. Эң негизгиси беш жыл наалыбай тургандай тандоо жасаңыз. Эгерде 2000 сомго шайласаңыз, анда ошол акчага беш жыл жашаганды үйрөнүңүз. Андан көбүн үмүт этиштин кереги жок. Себеби, сиздин деңгээлиңиз, сиздин каалооңуз ошол 2000 сом болду. Жердешим эле деп шайласаңыз, анда ага да беш жыл наалыбай жашаңыз. Себеби, жердешиңиз сизден добушуңузду сурап жатканда беш жыл бою сизди жана үй-бүлөңүздү багам деген убада берген жок. Тандоо өз колуңузда.

 Канатбек АСКАРОВ

Булак: media-center.kg