Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 221

Эл эң биринчи Садыр Жапаровду чыгаргыла деп жатат.

- Кундуз мырза, “Мекенчил” партиясынын программасын жайылтуу иши ийгиликтүү жүрүп жатабы?

- Ар бир шайлоочу менен бетме-бет жолугушуп, үгүт иштерин кызуу жүргүзүп жатабыз. “Бийлик – элге, уурулар – түрмөгө!” деген чакырык менен баратабыз. Элге эң алды программанын карыздан кутулуу демилгеси абдан жагып жатат. Анткени, биздин карызыбыз 5 миллиардга чукулдап калды. Аны төлөө мөөнөтү да эми башталат. Бул биздин өлкө үчүн абдан оор. Мындан улам ар бир жараныбызды ушул маселе түпөйүл кылып жатканын үгүт ишинде байкадык. Биздин программада бул так көрсөтүлгөн. “Кумтөрдү” улутташтыруу менен чечебиз. Баары билгендей, бул маселени биздин лидерлерибиздин бири Садыр Жапаров 2013-жылы көтөргөн. Ошондон бери азап тартып, бийликтин кордугун көрүп келатат. Мындан сырткары, энергетикадагы коррупциялык системаны сындырып, ортомчу компаниялардын баарын мамлекетке өткөрүү идеясы элди ынандырууда. Биздин Токтогул өрөөнүндө компенсацияны жогорулатуу маселеси да кызуу талкууланды. ГЭС салынганда 32 миң сугат жер суу астында калган. Ар бир гектарынан бери дегенде 50 миң сомдон пайда көргөндө эле, миллиондогон акча түшмөк. Ошол эске алынышы керек. 

- “Мандат аларыңар менен эң алды мына ушуну жасагыла”,- деп эл кайсы орчундуу маселени айтууда?

- Эл эң биринчи Садыр Жапаровду чыгаргыла деп жатат. Бул эң туура, биздин да эң негизги максатыбыз ушул. Анткени, ал адилетсиздиктин азабын тартып, бир нече жылдан бери түрмөдө жатат. Аны элдин баары билет. Келечек муун жакшы жашасын деп башын канжыгага байлаган да. Садырды толугу менен актатып, өзүнүн деңгээли төп келген кызматты берип, алынын-күчүнүн барында иштетип калышыбыз керек. Мисалы, 2013-жылдары Садыр айткандын баары азыр төп чыгып жатат. Чек ара көйгөйү жараларын, «Кумтөрдө» катастрофа болорун билдирген. “Келечекте миллиондогон каражатты сарптасак да экологияны калыбына келтире албайбыз”, - деп какшаган. Элдин байлыгын кайтарам деп чыркырап жүргөнү, добушка койгондо депутаттар тескери кеткени, жыйынды токтотуп кийинкиге калтырганы ж.б. баары элге видеолор менен жетип жатат. Биз да бетме -бет келип айтып, түшүндүрүп жатабыз. 

- Өлкөнүн аймагында административдик ресурс колдонулуп жатканы боюнча сөздөр арбын, мугалимдер менен врачтарды кыйнап жатканы айтылууда. Сиздер жакта кандай?  

- Бул жакта деле кыйнап жатат, эл ичинде сөз бар. Биздики чакан айылдар болгондуктан тез эле жетет. Мисалы, «шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, Акүй тараптан Койчубаев Чыныбай деген келип күчкө салып жатканы боюнча сөздөр тарады. Ушундай иштерди  тыйса жакшы болмок. Болбосо бизди ушул административдик ресурс кыйнап койгону калды. Ал эми акча тараткандар башкача ыкманы колдонуп жатышат. Чоң үй-бүлөлөргө жана туугандарга сөзү өтөр кишилерди кармап, үгүтчү кылып жалдап коюшкан. Мыйзамдуу түрдө ошону менен эсептешип жатышат. Булар негизи шайлоого 1 күн калганда түнү менен иштейт. Биз ыйманга, абийирге чакырабыз. Ар бир адамдын добушу баа жеткис байлык. Бүгүн добушуңду миң сомго сатсаң, эртең ал жүз миң, миллион сом болуп башкага кетиши мүмкүн. Келечек муундун тагдырына балта чабышың ыктымал. Сенин добушуң менен кен байлыктар, кыргыздын керемет жерлери бөтөн колго өтүшү мүмкүн. Демек, ар бир кыргызстандык терең ойлонушу кажет. Бизге өлкөнүн бүтүндүгү керек. Ач курсак тоюнат, жыртык бүтөлөт, ал эми мамлекеттин табылышы кыйын. Добушту берерде ойлонолу, Мекендештер!

Булак: "Майдан.kg" газетасы