“Мекенчил” партиясынын программасы элдин көңүлүнө толуп жатат.

- Рамиз мырза, үгүт иши ийгиликтүү жүрүп жатабы, тоскоолдуктар жокпу?

- Учурда үгүт иштерин жүргүзүп жатабыз, «Мекенчил» партиясына карата элдин маанайы абдан жакшы. Ар бир айыл, ар бир көчөгө киргенге аракет кылуудабыз. Барган жерде «Мекенчил» партиясынын лидерлерине, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго ыраазычылык билдиргендер көп. Жалпы журт жапа тырмак колдой турганын айтып жатышат. Буга чейин айрым жерлерде «Мекенчил» партиясына бут тосуулар болуп, тоскоолдук жараткан фактылар катталды. Мисалы, Исфана шаарында, Кара-Суу районунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан терс көрүнүштөр орун алды. Биз жакта андай жок. Болбойт деген ишенимдебиз. 

- “Мекенчил” партиясына карата элдин маанайы кандай?

- “Мекенчил” партиясынын программасы элдин көңүлүнө толуп жатат. Атай кетсем, бир топтон бери депутаттардын санынын көптүгү элдин жүрөгүн өйүтүп келген. Биз кыскартуу маселесин көтөрүп жатабыз. Мындан сырткары, биздин программада өлүм жазасын киргизүү бар. Эң негизги көйгөйдүн бири болгондуктан бул дагы колдоо таап жатат. 

- Бул оор жаза ошондо кимдерге киргизилиши мүмкүн?

- Эң биринчи мамлекеттин, элдин акысын жеген коррупционерлерге кирет. Ошондой эле көпчүлүктүн көңүлүнө көк таштай тийген бачабаздарга колдонулат. Муну так жазганбыз. Мындан сырткары, “бажы тармагын көзөмөлдөп, уурулукту жоебуз” деген ураан менен чыгып жатабыз. Мунун баары элдин көңүлүнө төп келүүдө. Бул программалардын баары аткарыларына дагы эл толугу менен ишенип жатат. Анткени, партиянын башында турган лидерлер элдин сынынан өткөн инсандар эмеспи. Буга чейинки тарыхта ким экенин, кандай иштерди жасай аларын, эң башкысы элге, мекенге чын дилден күйөрүн тастыкташкан. Эл алкап жатат. Анткени, жеке өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин маселесин көтөрүп, “Кумтөр” мамлекетке кайтсын деген Садыр Жапаров адилетсиз түрдө соттолгон. Экинчи лидерибиз Камчыбек Ташиев бийликте жок болсо да, мандатка ээ болбосо дагы элдин ишин жасап келген. Мындан улам биз барган жерлерде эл жакшы кабыл алып, лидерлерге ыраазчылык билдиришти. Биз башкаларга окшоп чай менен чакырган жокпуз. Же ар бир айылга акчанын күчүнө салып 20-30дан үгүтчүнү тыгып коюп, “Ар бириң экиден адам жетелеп келесиң”,- деген жокпуз. Биз барган жерде эл өз ыктыяры менен чогулуп, жакшы колдоп жатышат. 

- Программанын дагы кайсы багыттары элди ынандырууда?

- Бийликти бир колго өткөрүп, жоопкерчиликти жалгыз кишиден сурайлы деген демилгебиз да элге абдан жакты. Буга чейинки системада эки баштуу башкаруу болуп, жоопкерчилик кимде болгону аныкталбай келди. Эми референдумга салып, элдин тандоосуна коюшубуз керек. Эл президенттик башкаруу десе өкмөттүн башын кыйып, “Жок, бизге парламенттик башкаруу керек”, - десе, анда президентти жоюшубуз шарт. Антпесек азыркы башкарууда таптакыр жоопкерчилик жоголду. Пандемия башталып коронавирус кирип келгенде өкмөт башчыбыз отставкага кетип калды. Парламенттеги депутаттар 200 миң сомдон акчаны чөнтөгүнө салып өргүүгө чыгып кетти. Эл өзү калбадыбы. Мындан улам биздин «Мекенчил» партиясы жоопкерчиликти бирөөгө жүктөп, бийликти жалгыз колго тапшырышыбыз керек деген демилгени көтөрдүк. Эртең бирөөдөн сурап алышыбыз керек эмеспи. 

- Элди кабатыр кылган дагы кандай көйгөй бар экен?

- Элди чек ара маселеси абдан кабатыр кылып жатканын байкадык. “Биздин чек ара кулачтап кичирейип келатат, кандай чара колдоносуңар?” - деп сурашууда. Биздин программада бир карыш жерди да бербейбиз деп жазганбыз. Чек аранын такталбай жатышына контрабандисттер көбүрөөк кызыкдарбы деп шекшип жатабыз. Алар бизнеси токтоп калбашы үчүн тоскоолдук жаратып жатышы толук мүмкүн. Биз парламентке келсек бул маселени чечебиз. Бизге бул жат эмес. Баары билет, Камчыбек Кыдыршаевич депутат болбосо да, өкмөттө иштебесе дагы мекенчилдик сезими менен чек арага барып, элдин духун көтөрүп, абалын сурап турду. Аны айрым ичи тарлар башкача жооруп жүрөт. Биздин элдин салтында кабар алып, абалын суроо да чоң эрдикке кирет. «Ооруну сураса, айыкканга тете» деп айтылган. Үйү өрттөлгөн үй-бүлөгө жардамын берип, оорун колдон, жеңилин жерден алганын бүт эл көрдү. 120 депутат маселесин чечмек турсун, барып сурап койгонго жараган жок. Алар артын карашат. Чек арага барсам, эртең шайлоодо бийликчил партияга кире албай калам деп чочулашты. Керек болсо үй-бүлөсү ошол жакта жашаган, ошол аймактан чыккан депутаттар бар, алар да барган жок. 

- Акча таратмайлар барбы?

- Элдин арасында сөз жүрүп жатат. “Тигил партия мынчадан берет экен, же бул партия келип жарымын аванс катары берип кетти”, - дегендер болуп жатат. Добушту акчага сатып алгандар эртең акыйкаттуулукту айтпайт, депутаттын айлыгы 35 миңдин тегереги, ошону алам деп миллиарддаган сомду бекерге чачпайт, булар керек болсо мамлекетти да сатат деп какшап жатабыз. Биз бир сом бербедик, бийликке адал жол менен барабыз. Айтор, азыр акча менен адилеттүүлүктүн күрөшү жүрүп жатат. Форма №2 деген балакет бүт баарынын кендирин кескени калды. Элге акча менен адилеттүлүктүн тандоосун койдук. Мамлекеттин тагдырына, элибиздин келечегине кайдыгер карасаңар абийириңерди акчага саткыла, адилеттүүлүктү, өлкөнүн келечегин ойлосоңор добушуңарды бизге бергиле деп жатабыз. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы