Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Ак-Босого жаңы конушуна барды. 

Эл – жер үчүн жасаган кайрымдуулук иштерди шайлоодо добуш алууга пайдаланбаш керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

“Мечит курдуңбу, Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн болсун. Көчөгө шагыл төктүрдүңбү - элдин батасын ал. “Мен муну жасадым” деп өз элиңе колко кылып, “эми мага добуш бер!”- деп демиткен туура эмес. Милдет кылсам мага жарашат болчу, нечен жылдан бери мечиттерди, көпүрөлөрдү курдуруп, жол салдырып келатам. Кайрымдуулук иштери башка, ал эми шайлоо мамлекеттин тагдырын чеччү жараян. Депутат болчу адамдын билими барбы, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүп, маселелерди мамлекеттик деңгээлде чече алабы – карагыла, талдагыла, тандагыла! Даяр докладды окуй албаган, эки ооз сөздү кошуп сүйлөй албаган депутаттарды да көрдүк. Ошондой сабатсыз парламенттин келишине тоскоолдук кылуу, бир гана силердин колуңарда, урматтуу шайлоочулар! Бүгүнкү тандоо - эртеңки келечек”, - деди Камчыбек Ташиев.

    

 

    

 

   

 

 

      

 

         

 

           

 

            

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү