Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 187

Аталган партия “балага сүйүнчү” жѳлѳк пулдун ѳлчѳмүн 4 миң сомдон 50 миң сомго жеткиребиз деп ишендиришүүдѳ.

Шайлоочулардын добуштарын алып, жеңишке жетишип, мандаттарды алууу үчүн саясий партиялар эмне деген гана убадаларды беришпейт. Реалдуу эмес, жомоктогудай убадаларды берүү жагынан “Кыргызстан” партиясы алдына башкаларды ѳткѳрбѳй жатат. 

Аталган партия “балага сүйүнчү” жѳлѳк пулдун ѳлчѳмүн 4 миң сомдон 50 миң сомго жеткиребиз деп ишендиришүүдѳ. Сыягы, чын эле 50 миң сомго жеткиришерине шайлоочулар эмес, ѳздѳрү катуу ишенип алышкан окшойт. Болбосо, мындай убадаларды байма бай беришмек эмес. Бирок бул реалдуулуктан алыс, ишке ашпас убада экендиги акыл эси ордунда адамга айтпаса да  түшүнүктүү.  4 миң сомдук жѳлѳк пул  бюджеттен эптеп-септеп берилип жатканда, кайдагы 50 миң сом? Тилекке каршы, партиялар, талапкерлер шайлоочулар алдында эч кандай жоопкерчиликтерин сезбей калышты. Эптеп эле мандатка жетишсек, калганын кѳрѳ жатарбыз деген мамилеге ѳтүп алышты. 
Ал эми маалымат үчүн айта кетсек, “балага сүйүнчү” долбоору ишке ашырылгандан баштап мамлекеттен 326 671 адам “балага сүйүнчү” жѳлѳк пулдарды алышкан. 2018-жылдын башынан 2020-жылдын 1-сентябрына чейин бул багытта республикалык бюджеттен 1 млрд. 459 млн. 995 миң сом бѳлүнгѳн. Арыздар менен кайрылышпагандыктары үчүн 90 миң 617 ата-энелер “балага сүйүнчү” алышкан эмес. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы