Бишкек, "Саясат. kg". “Миң уккандан бир көргөн” дейт, өз көздөрү менен көрүп, элдин оозунан чындыкты угушса, өнүгүүгө, өсүүгө өбөлгө болбойт беле".

 Кыргызстанда чек ара көйгөйү эң приоритеттүү маселеге айланууга тийиш. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалындагы түз эфирде көрүүчүлөрдүн суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

“Биздин программада чек ара маселеси башкы орунда турат. Бул мамлекеттеги эң приоритеттүү маселеге айланууга тийиш. Демаркация, делимитация маселелерин тезинен бүткөрүп, элдин коопсуздугун камсыздашыбыз керек. Чек арага жакын аймактарда жашаган элдин социалдык маселелерин чечүү өкмөттүн иши. Бирок ал көйгөйлөрдү билүү үчүн өкмөт башчы жок дегенде бир жолу ал аймакка барып, кыдырып чыгыш керек. Бир чакан шаардын мэри менен сүйлөшүп калдым. Иштеп жатканына үч жыл болуптур.  “Өкмөт башчы менен үч жылдан бери канча жолу жолуктуңуз? Шаарга тийиштүү маселелерди, аны чечүү жолдорун талкууладыңызбы?”- деп сурасам, ал айтат: “Бир да жолу жолукпадым. Ал турмак вице-премьерлерге дагы”,- деп. Демек, аймактардын өнүгүшү, алдыга жылышы, көйгөйү премьер-министрге да, вице-премьер-министрлерге да кереги жок экен. Айына эки-үчтөн районго барышканда деле бүт Кыргызстанды кыдырып чыгышмак. “Миң уккандан бир көргөн” дейт, өз көздөрү менен көрүп, элдин оозунан чындыкты угушса, өнүгүүгө, өсүүгө өбөлгө болбойт беле. Чек ара аймагындагы элдин абалы да өкмөткө бейтааныш. Маселелерин көрбөсө билишпейт, билишпесе чечишпейт, эл болсо кыйнала берет. Жооптуу кызматта иштегендердин, эл тагдырын моюнуна жүктөгөндөрдүн эртең менен 9да ишке барып, кечинде 6да кайтып, ак көйнөк кийип, галстук тагынганынан мамлекетке пайда жок. Эгер ал эл үчүн жүрөгүнөн күйүп-жана албаса. Мына ушундайлардын айынан элдин маселеси көбөйдү. Чынында азыркы бюджет менен эле көп социалдык көйгөйлөрдү чечип салса болот. Булардын баары беш жыл мурунку шайлоодогу туура эмес тандоонун жыйынтыгы экенин моюнубузга алышыбыз керек. Бул сапар мекенчил, мамлекеттин тагдырын өз баласынын тагдырындай кабыл алгандарга добуш берип көргүлөчү. Ошондо, өлкө сөзсүз жакшы жагына өзгөрөт!” – деди Камчыбек Ташиев.