Бишкек, "Саясат. kg".  "Мамлекет азыркы абалында өлбө жаным, өлбө болуп сапарын улай берет. Жылдан жылга алсызданат".

Саясий эмес, экономикалык люстрацияны жасаш керек. Мындай пикирин “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалындагы түз эфирде билдирди. 

“Мамлекеттеги менчиктештирүү учурунда көп байлык саналуу адамдардын колунда калды. Эмнеге бир адам он-жыйырма завод менчиктештирген да, экинчи адам бир кирпич да ала алган жок? Мисалы, мен дагы мамлекеттер бир кирпич, бир сотых жер алган эмесмин. Менчиктештирүү коррупциялык схема менен ишке ашкан. Андагы эл байлыгын өзүмдүк кылып алгандар дагы да тое элек. Эми башка жагынан элдин ырыскысын жулуп жеп жатышат. Мындай  коррупционер аткаминерлерди өлкөдөн тазаламайынча, эл байыбайт. Мамлекет азыркы абалында өлбө жаным, өлбө болуп сапарын улай берет. Жылдан жылга алсызданат. Беш-он жылда жакшы жашап калабыз деген үмүт болсо, мамлекет өргө кыбырап болсо да тырмышып жатса, мен түшүнөт элем, ошол убак келгиче чыдайт болчумун. Бирок андай эмес. Биз артка кетип жатабыз. Мындан чыгуунун бир жолу – элим, жерим деп, мекендин бүт түйшүгүн көтөрүүгө даяр турган инсандарга жол бериш керек. Алардын парламентке келишине өбөлгө болуу керек! Эл беш жылда бир келчү мүмкүнчүлүгүн жаңылбай пайдаланышы кажет. 

Мен аталарыбыздан, апаларыбыздан кечирим сурайм. Силер бизге бүтүн, күчтүү мамлекетти өткөрүп бердиңер эле, биз аны чайпалтып, чачылтып,  түз жол таап бере албай кыйнадык. Жүрөктүүлөр, мекенге күйгөндөр аз эмес, бирок алар бийликке бара албай жатат. Ар бир жараныбыз бирөөнүн чачпагын көтөрө чуркабай, адилеттүүлүк, тактык үчүн тик турган элибиздин кырааны болсо экен дейм. Ар бир жаран мамлекет үчүн ниетти түздөп, абийири, акылы менен кеңешип добуш берээрине ишенем ”, - деди Камчыбек Ташиев.