Бишкек, “Саясат.kg”. “Мекенчил” партиясынын республикалык штабынын билдирүүсү

Соцтармактарда тележурналист Сонунбүбү Кадырованын “Мекенчил” партиясы тууралуу чуулгандуу видеокайрылуусу таркатылды. “Мекенчил” саясий партиясынын Борбордук штабы төмөнкүдөй билдирүү жасады:

Урматтуу мекендештер!

Сонунбүбү Кадырованын “Мекенчил” партиясы тууралуу таркатып жаткан сөздөрү башынан-аягына дейре калп экендигин ачык айтып коюуну чечтик.

Бул Сонунбүбү Кадырова “Мекенчил” партиясында 32-тизмеде талапкер болчу. Үгүт иштери башталганда лидерибиз Камчыбек Кыдыршаевичке келип, “мага акча бер, Алайга барып иштеп келейин”- дейт. “Кайдагы акчаны берем? Республикалык штабды араң каржылап жатам, өз каражатың менен иштеп кел, башка партиялар талапкерлеринен беш жүз миң долларга чейин талап кылып жатышат, сен бир тыйын бербей депутаттыкка бара жатасың, уялбайсыңбы”- деп кууп чыгат. Ошондон баштап ар кайсы ватсап группаларга, интернетке Камчыбек Кыдыршаевичти жамандап жүрөт. Ишенбегиле. Мындай саткын адамдарды Камчыбек менен Садыр 2010-жылы көрүшкөн. Парламентке барса сатат. Ошол үчүн азырынча кеч болуп кете электе кутулалы деп чыгарып салышты.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Кыдыршаевич 15 жылдан бери үй-бүлөлүк достор. 2017-жылдан бери “Садыр досумду чыгарып алам”- деп тынбай аракетин жасап келе жатат. Муну Садыр Жапаров өзү, үй-бүлөсү, бир-туугандары жакшы билишет. Бирок Камчыбек Ташиев азырынча бийлиги жок, жөнөкөй эле биз окшогон катардагы адам. Колунда бийлиги жок болгондон кийин чыгарышы кыйын экен да. Эми Кудай буюрса парламентке барса минимум депутат же премьер-министр болот. Сөзсүз чыгарып алат. Эч кам санабаңыздар.

Бүгүн кечки саат 20:00дө КТР телеканалына Камчыбек Кыдыршаевич түз эфирге чыгат. Баардык чындыкты өз оозунан угасыздар.