Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 962

Н.Анаркулов: "С.Кадырова, көрсө, атайын кимдир-бирөөлөрдүн тукуругу менен биздин арабызга кошулуп, ичтен талкаламак экен!"

Бишкек, “Саясат.kg”. Соцтармактарда тележурналист Сонунбүбү Кадырованын “Мекенчил” партиясы тууралуу чуулгандуу видеокайрылуусу таркатылды. Анын чоо-жайы тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын Борбордук штабынын жетекчиси Нургазы Анаркуловго кайрылдык.

- Нургазы мырза, С.Кадырова эмне себептен үгүт иштеринин акыркы күнүндө “Мекенчилге” тескери агитация кылып жатат? Ал сиздерге кантип келип кошулуп калды эле? Ал башынан “Мекенчилде” жүргөнүн айтып жатат, эми ошол партияны, С.Жапаровду сиздер колдонуп аткандай түс бериптир го?

- Ачыгын айтканда, бул аялдын таптакыр бети жок экен. Тележурналист болгон үчүн кооз сүйлөйт, бирок, кошокчу аялдан айырмасы деле болбой калды. Ал канчалык бүгүн жанын сабап, өзүн апапакай көргөзгүсү келбесин, анын жалган сөзүнө эч ким ишенбейт! “Мекенчилде” түптөлгөндөн бери жүргөн эр-азамат, уул-кыздардан сурасаңар болот, бу Сонунбүбү айымдын жыты да жок болчу. Шайлоого катышмакчы боло калганда эле биздин арабызда пайда болуп, “мен Садыр Жапаровду колдойм”- деп, жалындуу, кооз сөздөрдү сүйлөгөндө байкабай, бал тилине алданып калган экенбиз. Көрсө, атайын кимдир-бирөөлөрдүн тукуругу менен биздин арабызга кошулуп, ичтен талкаламак экен. Муну акыркы кезде байкап калдык, анткени, ал ватсап группаларга катталып, биздин лидер Камчыбек Ташиевди ачыктан-ачык жамандап, элди экиге бөлүп, “ишенбегиле, Садырды пайдаланып таштап кетет, тизмеге саткындарды, коррупционерлерди кошуп алыптыр, ошондуктан “баарына каршы” добуш бергиле”- деп тескери үгүт жүргүзгөн. Кытмыр ою өз убагында ачылды. Максаты – эзелки эки дос Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди уруштуруу болгон. Ошондуктан биз ал аялды дароо катарыбыздан чыгардык. Эң туура чечим болду!

- “К.Ташиев мени “Марлен Маматалиевди жаманда”- деп буйрук берген”, “Тизмеге саткын коррупционерлерди кошуп алды”- деген айыбына кандай жооп бересиз?

- Биздин лидер менен Сонунбүбү Кадырованын сүйлөшүүсүндө мен да бар болчумун. Кадырова келип алып, К.Ташиевден “менин баскан-турганыма акчам жок, Алайга барышым керек, агитаторлорго айлык беришим керек”- деп акча сураган. Ошондо Камчыбек Кыдыршаевич айткан: “Биз минтип эч кимге акча бере албайбыз, анткени, арабызда коррупционерлер жок, элимдин мекенчилдик духу бар, көзү ачылып калды деген ишеним менен бара жатабыз. Талапкерлер өз күчүнүн жетишинче иштеп жатат. Ишеним артып, тизмеге киргизген соң, добуш камсыз кылууга милдеттүүсүз”- деп айткан. Бирок, Сонунбүбү Кадырова бул сүйлөшүүдөн кийин иштебей, Бишкекте жатып алды. Камчыбек Ташиевдин жолугушуусунан кийин да атайын провокация кылган. Ал аракети ишке ашпай калгандан кийин, жогоруда айткандай, Садыр Нуркожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевичти уруштуруу максатында ватсап группаларда чагым кыла баштады. “Мен Алайга жолугушуу уюштурдум”- дейт. Жанын жебесин. Алайдагы жолугушууну партиябыздын Саясий кеңешинин мүчөсү Медербек Сатиев, талапкерлер Курманкул Зулушев менен Адинай Марипова уюштурган. Эл билет. Бирок ошого карабастан, чагымга жол бергенине карабай, лидерибиз Сонунбүбү Кадырованы кечирип, ал жөнүндө жакыш сөздөрдү айткан эле. Бул да ал айымды токтоткон жок, шпиондук милдетин улантты. Натыйжада тизмеден чыгарууга аргасыз болдук...

Ал эми Марлен Маматалиев боюнча эч кандай көрсөтмө берген эмес. Мен кепилдик бере алам! Муну да атайын чагым кылыш үчүн ойдон чыгарып, айтып жатат.

Тизме боюнча баары ачык. Карап көрүңүздөр, биздин команда жалаң жаш, тажрыйбалуу жана таза адамдардан куралган. Арабызда бир да элге жамандык тийгизген адам жок.

С.Жапаров менен К.Ташиевдин максаты – элдин турмушун жакшыртуу, “Кумтөрдү” элге кайтаруу.

Тема: