Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 233

Бишкек, "Саясат. kg". "Мага окшогон эл үчүн күйгөн ак жүрөктүүлөр мамлекетибизде көп деп ойлойм жана алар менен бирге жеңишке жетээрибизге ишенем!"

“Бюллетендеги шайлоочунун добушун өчүрүп, өздөрү каалаган партияга чымчыкча коюп койсо болот турбайбы? Биз “Мекенчилге” добуш берсек, добушубуз бурмаланып кетпейби?” – деген суроо берилди Камчыбек Ташиевге “Регион” телеканалынын түз эфиринде.

“Ар кандай маселе болушу мүмкүн. Мурдагы шайлоолордо махинация күч  болчу. Азыркыда болбойт деп үмүттөнөм. Бирок шайлоочуларга айтаарым добуш берүүгө баратканда жаныңарга бир ручка салып алгылачы. Ошону менен добуш бергиле. Байкоочулардан суранам жана талап кылам, бизге махинациянын кереги жок, бирөөнүн добушун тартып алууну каалабайбыз, эл бизге канча ишенсе, ошончо гана добуш алышыбыз керек.

Урматтуу апалар, аталар. Силер бизге күчтүү  мамлекетти өткөрүп бердиңер, а биз аны алдыга алып кете албай жатабыз. Алсырап баратабыз. Ар бир жараныбыз бирөөнүн күчүгү болуп чуркабастан, элдин кырааны болуп туруп берсе экен. Биз ар бир жарандын колуна ручка карматып, бизге добуш бер деп мажбурлай албайбыз. Баары жүрөгүнөн болушу керек. Менин сөздөрүм да жүрөгүмдөн чыгып жатат. Мага окшогон эл үчүн күйгөн ак жүрөктүүлөр мамлекетибизде көп деп ойлойм жана алар менен бирге жеңишке жетээрибизге ишенем!” – деди Камчыбек Ташиев.