Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 198

Бишкек, "Саясат. kg". Өкмөт башчы илдет күчөп турган маалда менин иштегим келбей жатат деди да арызын жазып кетип калды. Эмне деген жоопкерчиликсиздик?

“Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалында түз эфирде болду. Ага көрүүчүдөн: “Пандемия маалында бийлик элди талаага таштады. Экинчи толкун ноябрь айында болот деген маалыматтан эл чоочулап турат. Сиз парламентке келип каласаңыз, элди дары-дармек менен камсыз кыла аласызбы?” – деген суроо берилди.

“Бул өтө чоң маселе. Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга сырттан 600 миллион доллар келген. Бул өтө чоң сумма. Чоң ооруканаларды куруп койсо болмок. 600 миллион долларга 100 оорукана куруп салмакпыз. Кана, ошол ооруканалар? Бир да оорукана курулбады. Себеби, акчалар туура эмес пайдаланылды. Жакында мурдагы саламаттыкты сактоо министри камакка алынды, так ушул акчанын айынан. Эмнеге биз мындайбыз? Жоопкерчиликсиздиктин айынан эл катуу кыйналды, бир жарым миңден ашуун адам каза болду. Жүз миңдеген адам ооруду, миллиондогон адам ар кандай жардамга муктаж болду. Өкмөт башчы илдет күчөп турган маалда менин иштегим келбей жатат деди да арызын жазып кетип калды. Эмне деген жоопкерчиликсиздик?! 3 жыл иштеп, 2 айга чыдабай калдыбы?! Бүт жардамдарды иреттештирип, күнү-түнү уктабай, башкаларды да уктатпай, эл үчүн каруусуз казык кылып иштесе болот эле го?! Ошондо балким, көп адамдын өмүрү сакталып калмак. Менин да бир тууган агам 58 жашында ушул илдеттен кайтыш болду. Өкмөт туура, жоопкерчиликтүү иштегенде агам аман калат беле деген ой бар менде. Ушундай ой каза тапкан бир жарым миңдей кыргызстандыктын жакындарынын ар биринде кудум ушундай ой болуп атпайбы. Ошол күндөрдү эстен чыгарбай, элди алдап кеткендерди 2-3 миң сому үчүн же бийликтин камчысынан коркуп шайлап албагыла! Эл үчүн иштеген балдарды шайлагылачы! Бул өзүңөргө эле керек го! “Мекенчил” партиясы көп мандат алып партияга барып калсак, күнү-түнү иштеп, маселелерди чечебиз, жок акчаны табабыз, барын үнөмдүү, максаттуу пайдаланабыз. Коррупционерлердин колуна чабабыз”, - деп жооп берди Камчыбек Ташиев.