Бишкек, "Саясат. kg". Келдибековдун моралдык да, юридикалык да укугу жок.

“Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек  Ташиев “Регион” телеканалында түз эфирде болду. Ага көрүүчүдөн: “Ахматбек Келдибеков “Ата Журт” “Мекеним Кыргызстан” партиясына кошулду деген билдирүү тараткан. Анын партияны башка партияга кошууга укугу барбы?” – деген суроо берилди.

“Моралдык да, юридикалык да укугу жок. “Ата Журт” партиясы эч кайсы партияга кошулган жок. Андай маселе талкууланган да эмес. Бирок кээ бир мүчөлөрү каалаган жагына кетти. Ахматбек Келдибеков экөөбүз теңтөрага элек, ал “Мекеним Кыргызстанга” байларга кетти, а мен жөнөкөй адамдар менен “Мекенчилде” калдым. “Ата Журт” турат, бирок анын колдоочулары “Мекенчил” менен деп ишенем”, - деди Камчыбек Ташиев.