Бишкек, "Саясат. kg".  «Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман»

«Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн чыккан өрт жаман» дейт кыргызда. Ошол жат адам "Мекенчил" партиясындагы Сонунбүбү Кадырова болду. Шайлоого жетпей туруп, лидерибиз Камчыбек Ташиевди алайлыктардын вотсап группасына тири укмуш сөздөр менен жамандап, ушак иштерди жүргүздү. Көрсө, бул аял бийлик тарабынан "Мекенчил" партиясына тыңчылыкка  жиберилген экен. Өзү бүгүнкү күндө деле КТРда иштейт. Биз, "Мекенчил" партиясы жаман ойлобостон, ар тармактын кесипкөй адамдары болсун деген ой менен тизмеге коштук эле. Кудай жалгап, депутаттыкка баргыча чейин өз жүзүн ачып алгандыгына байланыштуу лидерибиз Камчыбек Кыдыршаевич: "Мындай адамдардан эртерээк кутулбасак, парламентке барганда бизди сатып кетет. Мындай адамдарды буга чейин Садыр досум экөөбүз далай жолу көргөнбүз",- деп тизмеден чыгарып салды. Эми ар жерде жамандап жүрөт. Эмне дейбиз? «Күйгөн аял кошокчу» демекчи, эми эмне десе да жарашат эмеспи. 

Мекенчил партиясынын республикалык штабы