Бишкек, "Саясат. kg". "Мындан чыгуунун бир жолу – элим, жерим деп, мекендин бүт түйшүгүн көтөрүүгө даяр турган инсандарга жол бериш керек".

Саясий эмес, экономикалык люстрацияны жасаш керек. Мындай пикирин “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалындагы түз эфирде билдирди.

“Мамлекеттеги менчиктештирүү учурунда көп байлык айрым адамдардын колунда калды. Эмнеге бир адам он-жыйырма завод менчиктештирген да, экинчи адам бир кирпич да ала алган жок? Мисалы, мен дагы мамлекеттер бир кирпич, бир сотых жер алган эмесмин. Менчиктештирүү коррупциялык схема менен ишке ашкан. Ошондуктан, коррупционер аткаминерлерди өлкөдөн тазаламайынча, эл байыбайт. Мамлекет азыркы абалында өлбө жаным, өлбө болуп сапарын улай берет. Жылдан жылга алсызданат. Беш-он жылда жакшы жашап калабыз деген үмүт болсо, мамлекет өргө кыбырап болсо да тырмышып жатса, мен түшүнөт элем, ошол убак келгиче чыдайт болчумун. Бирок андай эмес. Биз артка кетип жатабыз. Мындан чыгуунун бир жолу – элим, жерим деп, мекендин бүт түйшүгүн көтөрүүгө даяр турган инсандарга жол бериш керек. Алардын парламентке келишине өбөлгө болуу керек! Эл беш жылда бир келчү мүмкүнчүлүгүн жаңылбай пайдаланышы кажет”, - деди Камчыбек Ташиев.