Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 244

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Жалал-Абад шаарына барды. 

Кайсы партия добуш үчүн акча сунуштаса, ошол партияда коррупционерлер бар. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Араңарда бирөө  кайсы бир партиянын сунган акчасын алып койгон болсо, дагы да кеч эмес. Шайлоодо кабинага киргенден кийин силерге эч ким көзөмөл жүргүзбөйт. Кимди тандайсыңар, кайсы партияга добушуңарды бересиңер – жалгыз гана өзүңөрдүн тандооңордо жана абийириңерде! Ала элек болсоңор – ал ниетиңерден кайткыла! Мамлекеттин, элдин тагдыры менен ойнобогула! Силердин добушуңарды акчага сатканыңар бир гана силерге залакасын тийгизбейт, үй-бүлөңөргө, балдарыңардын келечегине, жалпы эл тагдырына чабылган балта болот! Ниетибизди түздөйлү, мамлекетибиз алдыга жылсын, өнүгүп-өссүн, элдин жашоо-турмушу жакшырсын, чет жакта иштеген мигранттарыбыз кайтсын десек, туура тандоо жасайлы. Коррупционердин эки – үч миң сомунан жалпы эл тагдыры бийик! Ушуну унутпагыла!” – деди Камчыбек Ташиев.

 

    

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү