Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Бек-Абад айылына барды. 

Мамлекетке зыян келтирбеген, ак кызматын арнаган партиялардын жүзү жарык, алар  добуш сатып алууга аракеттенбейт. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Бек-Абад айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

"Мен силерге бир сом бербейм. Добушуңарды сатып алууга аракеттенбейм! Бирок бийлик берсеңер, силер үчүн жүрөгүмдү, акылымды, билимимди, эмгегимди берем! Ар бир добушуңар Алла Тааладан бизге берилген аманат! Бир добуш - бир өмүр, бир жашоо, тууганым! Кудай буйруса, аманатыңарга кыянаттык кылбайбыз! Аманатыңарды бийик көтөрүп ак кызмат кылып беребиз!" - деди Камчыбек Ташиев.

 

   

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү