Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 199

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Сузак районунун Атабеков  айыл өкмөтүнө барышты.  

Ырыскыны берүүчү да, алуучу да, көбөйтүүчү жана азайтуучу Кудай. Коррупционерлердин 2-5 миңи элдин маселесин чечип жибербейт. Бул тууралуу "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Атабеков айыл өкмөтүнүн шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

"Силердин ырыскыңар коррупционерлердин добуш сатып алуу үчүн берген ыпылас акчасы менен көбөйүп кетпейт. Же ошол эки-үч-беш миң маселелериңерди чечип жибербейт. Таза жашооңорго, бала-чакаңардын бактылуу күлкүсү чыккан үйүңөргө арам акчаны аралаштырып эмне кыласыңар! Мен муну силерге осуят катары айтып жаткан жокмун, мен деле силердей адаммын. Бирок мамлекетти түрө кыдырып чыккан адам катары көргөн-билгеним менен бөлүшүп коюуну туура таптым. Силердин добушуңардын баасы 2 миң сом эмес, беш миң, он миң да сом эмес! Силердин добушуңардын баасы ченегис! Анткени, ал - ишенич! Ишеничти кантип соодалаганга, баасын бычканга болсун?!  Мен биздин элдин арасында акылы тунук, көңүлү, ниети таза, "мен жана менин үй-бүлөм сатылбайт!" - деп катуу айткан, эл-журтту ойлогон адамдар көптүгүнө ишенем. Ошондуктан алдыңарга келип турам", - деди Камчыбек Ташиев.

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү