Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Барпы айылына барды. 

Элге-журтка болгон каалоо, адал ниет жүрөктөн чыгышы керек. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн Төбөй айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

"Элди сатып алам деген коррупционерлерди, ар бир келген бийликтин кошоматчыларын  колдогондон көрө Садыр Жапаровдой мекенчил, көк жал жигитти колдогула! Адамдын кошоматчылыгы табиятынан болот. Кайсы бийлик келсе, ага жабышат, жанында жүрөт, чачпагын көтөрөт, мактаганга келгенде айтаарга сөзүн таппай да калат. Кечээ эле Атамбаевди мактап, президент кылабыз деп чуркагандар бүгүн кайда?! Башына кыйынчылык түшкөндө да чогуу болушпайбы?! Көрдүңөрбү, бул адамдын мүнөзүнөн, ички дүйнөсүнөн болот. Эл-журтту сүйүү, мекенчилдик сезимдер да ошондой. Эл-журт үчүн, мекеним үчүн жанымды берем деп эч ким жасалма айта албайт! Анткени, бул сөздөр жүрөктөн чыгышы керек! Кошоматчылар эч убакта минтип айта алышпайт. Алардын жаратылышы башка!" - деди Камчыбек Ташиев.

 

   

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү