Ѳмүрбек Бабановдун «Республика» партиясы буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу бир канча аз сумма сарптаптыр.

Парламенттик шайлоого катышкан партиялар акыркы жумадагы үгүт иштерин жүргүзүшүп, шайлоо фондундагы каражаттарынын акыркы суммаларын чыгымдап  жатышат. Партиялардын шайлоо фондуларынын суммасы алардын каржылык жактан дараметтерин билдирсе, үгүт иштерин канчалык деңгээлде жүргүзүп жаткандыгын алардын шайлоо фондундагы каражаттын сарпталгандыгы билдирбей койбойт. БШК тѳмѳндѳ партиялардын үгүт иштерине канча акча короткондугу боюнча маалыматты чыгарды. 

“Мекеним Кыргызстан” партиясы 9-июлдан 25-сентябрга чейин 118 млн. 128 миң сом топтогон болсо, анын 116 млн. 108 миң сомун сарптаган. 
Учурга карата “Биримдик” партиясы 94 млн., “Кыргызстан” - 96 млн., “Ата Мекен” - 46 млн., “Бир Бол” партиясы – 43 млн., “Замандаш” - 39 млн. “Республика” - 36 млн., “Мекенчил” - 13 млн., “Социал-Демократтар” партиясы – 13 млн., Ооган согушунун ардагерлеринин партиясы – 10 млн., “Ордо” партиясы – 9 млн., “Бүтүн Кыргызстан” - 8 млн., “Реформа” - 7 млн., “Ыйман нуру” - 7 млн., “Мекен Ынтымагы” - 7 млн., “Чоң казат” - 6 млн. сомду үгүт иштерине  короткон. 
Жалпы болуп партиялар 569 млн. сом чогултушкан болсо, анын 557 млн. сому  пайдаланылган. Кѳрүнүп тургандай, эң кѳп каражатты  «Мекеним Кыргызстан» партиясы сарптаган. Бул аталган партиянын каржы жагынан зор экени боюнча айтылган сѳздѳрдү дагы бир жолу ырастайт. Ал эми Ѳмүрбек Бабановдун «Республика» партиясы буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу бир канча аз сумма сарптаптыр. Бул сыягы, Бабанов ѳзү шайлоого барбагандыктан, тѳгүлүп-чачылууну  туура кѳрбѳгѳн окшойт. 
Бул албетте, саясий партиялардын расмий түрдѳ, БШКнын кѳзѳмѳлү астында короткон акчалары. Ал эми бейрасмий түрдѳ коротулган акчалар кыйла кѳптүк кылары айтпаса да түшүнүктүү. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы