Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 148

Белгилүү болгондой, байкоочулардын кѳпчүлүгү КМШнын Миссиясынан келгендер.

Алдыдагы шайлоого байланыштуу БШК 219 эл аралык байкоочуларды аккредитациядан ѳткѳрдү. Алар 31 мамлекеттен келишкен 24 эл аралык уюмдардын ѳкүлдѳрү. 

Белгилүү болгондой, байкоочулардын кѳпчүлүгү КМШнын Миссиясынан келгендер. Алар  – 88 адам, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынан -  47, ОБСЕден – 35, ЖККУнун парламенттик асссамблеясынан – 10 адам. Түрк тилдүү мамлекеттердин Кызматташуу Кеңешинен – 8, Германиянын элчилигинен – 4, Япониянын элчилигинен – 3, Ирандыкынан – 2. Булардан сырткары, Голландия, Франция, Израил, Монголия жана Пакистандан 1ден байкоочулар  каттоого алынды. 
Ошондой эле Молдова, Украина, Россия, Казакстан, Азербайжан жана Румыния ѳлкѳлѳрүнүн БШКларынан келген байкоочулар да шайлоого байкоочулук кылышканы турат. БШК алдыда дагы 39 байкоочуга аккредитацияга бериле турганын маалымдады. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы