Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 172

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Көк-Жаңгак шаарына барды. 


 Мамлекетке зыянын тийгизбей, бир ташына да кара санабагандар айланасына так өзүндөй адамдарды топтойт. Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгак шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

"Бир да адам мени коррупционер деп айта албайт. Себеби бүт күчүмдү, акылымды, билимимди, ден соолугумду мамлекеттин келечеги үчүн арнап жүргөн жигитмин. Мамлекеттин бир ташына да зыян келтирген жокмун! Мындан ары да ушундай болот! Кудай буйруса, депутат болуп шайланып калсак, кызматыбызды азыркы калыбынан жазбай,  адал жол менен улантабыз! Бийликке кошомат кылуунун кыныгын алгандар ал адатын кан-жанына сиңирип алышкан. Ким президент болсо артынан чуркайт, жагымпоздонот, кызмат сурайт. Кызмат берсе, "лам" деп ооз ачпай иштейт, элдин маселесине эмес, бийликтин көрсөтмөсүнө жүрөгүн төшөйт. Эл ырыскысына он манжасын тең салат, уурдайт, талап-тонойт. Мындай нерсе менин табиятыма туура келбейт! Кошоматтанып кызматка баргандан көрө эл арасында башты бийик көтөрүп жүргөнүм жакшы! Кудай буйруса, бийликти мага эл өзү берет, ошондо элиме ак кызмат өтөп берем!" - деди Камчыбек Ташиев.

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү