Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Көк-Жаңгак шаарына барды. 

Мамлекеттин тагдыры элдин колунда. Эл өзүнө кандай келечек кааласа ошондой тандоо жасайт.  Бул тууралуу "Мекенчил" саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев  Көк-Жаңгак шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

"Силерге кандай депутаттар керек?! Эл байлыгын тоногон, элдин эсебинен байыгандарбы же мамлекет үчүн жанымды берүүгө даярмын дегендерби? Тандагыла! Мамлекетти, ата-журтту сактап калуу силердин колуңарда!  

Коррупционерлерге өлкөдө мыйзам иштебегени жагат. Алдуу алсызды кордогон, мыйзамсыздык өкүм сүргөн чөйрөдө өздөрүн кубаттуу сезишет. Добушту акчага сатып алышып, жылып парламентке киришет да, бийликке кошомат кылып, чындыкка келгенде ооздорун жаап отуруп беришет. Өз бизнестерин өркүндөтүшөт, эл менен иш алышпайт! Силерге мына ушундай депутаттар керекпи же жөнөкөй жарандардын таламын талашып, мамлекетке ак кызмат кылгандарбы?! Тандагыла!" - деди Камчыбек Ташиев.

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү