Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 133

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы  Кара-Суу районунун Мады айылына барды. 

Садыр Жапаров эл байлыгы элде калсын дегени үчүн кыйынчылыкка кабылды. Башкалардай көп нерсеге көзүн жумуп, алдына чыркырап келген чындыкка көңүл бурбай жүрө бергенде камалмак эмес. Бул тууралуу “Мекенчил” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Мады айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Мекенчил” партиясы буга чейин бир да жолу шайлоого катышкан эмес. Ушундай жаш, элге таанылбаган партияны парламенттик шайлоого жетектеп баруума мен бийик туткан достук себеп болду. “Ата Журт” партиясын жалпы Кыргызстан билет, колдоочулары да көп, бирок мен “Мекенчилди” тандадым. Эмнеге? Анткени абакта ак жеринен отурган Садыр досума жардам бергим келди. Аны мыйзам чегинде чыгарып алып, мамлекетке билимин, тажрыйбасын арнатууга бизде бир гана жол калды. Ал – парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүү! Көп добуш менен көп мандат алып парламентке барсак, өкмөттү куроо милдети бизге түшөт. Мына ошондо, Садырдын маселесин көтөрүп чыгып, күнөөсүз жерден күнөөлөнгөнүн далилдейбиз! Силер Садыр Жапаровдун көргөн азап-тозогунун азын гана билесинер. А мен баарын билем! Чындык деп башын канжыгага байлап, элдин байлыгын бөтөндөрдөн коргогону үчүн көрбөгөнү деле калбады. Биздин максат – жарандардын укугун коргоо, адилеттүү система орногон өлкөнүн калкын бакыбат жашоого жеткирүү!”- деди Камчыбек Ташиев.

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү