Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Ноокат районуна барды.

Добуш сатып алуу аракетине укук коргоо, коопсуздукту коргоочу  кызматтар, жергиликтүү бийлик аралашып кетти. Ошондуктан бул жаатта мыйзам бузгандардын бири да кармалган жок! Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Ноокат районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында укук коргоо кызматтарына кайрылып, “Ким добуш сатып алуу жана сатуу аракеттерине барса, мыйзам чегинде жазалагыла”, - деген. Бирок эч ким эч кимди жазалаган жок! Президентти уккан адам жок! Президентти уга турган аким, шаарлардын мэрлери, милиция, УКМК, прокуратура өздөрү мыйзамдан сырт иштерге аралашып кетишти. Ошондуктан бир да добуш саткан же сатып алып жаткан адам кармалбады! Эгерде добуш сатып жана сатып алып жаткандардын бир-экөөсүн, алып барып камап, олчойгон айыппулду моюнуна илип койгондо, мындай жаман илдет азаят эле. Азыр коррупционерлер көчөдө баштыгын көтөрүп жүрүшөт: “Ким добуш сатат?”-деп. Эмнеге мен муну айтып жатам? Анткени ага мамлекеттин коопсуздугу байланышкан. Парламенттик шайлоо райондук же шаардык деңгээлдеги шайлоо эмес, мамлекеттин эң жогорку бийлигинин шайлоосу. Жогорку Кеңештен ашкан бийлик жок! Президенттин укугу да чектелген, ал эми парламенттин укугу чектелген эмес. Элдин добушу акчага айланып кетсе эң жогорку бийликке деңгээли кандай адамдар келээрин элестетип көрүңүздөр”,  – деди Камчыбек Ташиев.

  "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү