Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Кадамжай районуна барды.

Мага ишенген элимдин берген ар бир добушун коргоп алам! Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Мен Кыргызстанды түрө кыдырдым. Партиянын программасын айтып түшүндүрүү үчүн сапарга чыкканым менен башкы максатым элди-журтту көрүү, акыбал-шартына баам салуу болду. Кайсы аймактын эли эмне менен алектенип жатышат, мамлекеттин кандай социалдык маселелери бар – баарын байкадым. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң коррупцияга кирип кеткенибизди да көрдүм. Кайда барбайын добуш сатуу жана сатып алуу күчүндө экен. Акча сунуштаган партиялар болбой эле акча берип жатса, силердин албай койгонго мүмкүнчүлүгүңөр калбаса – анда ал акчаны адалдап алгыла! Анын жолу – ал партия силерден алган акчанын бир кичинекей бөлүгүн кайтарды, өзүңөрдүн акчаңар өзүңөргө келди. Андыктан анын алдында өзүңөрдү милдеттүүмүн деп эсептебегиле! Шайлоо күнү добуш сатып алган партияга эмес, ниетиңерге туура келген, ушул партия парламентке барса мамлекетте жакшы жылыш болот, биздин укугубуз корголот деп ишенген адамыңарга добуш бергиле! Мен мага ишенип, колдогон элимдин ар бир добушун коргоп алам! Добуштардын жыйынтыгын бурмалоо, дагы бир бузуку иштер болсо, аягына чейин чыгам! Ар бир жарандын ишеними мага чоң күч! Мен бул күч менен чындыкты, акыйкаттуулукту табам!” – деди Камчыбек Ташиев.

      

 

      

 

       

            

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү