Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 150

Кыргызстанда шайлоодо добуш берүү укугу жок адамдардын жалпы саны жарым миллионго жакын.

Бул тууралуу 30-сентябрда “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Мекеменин маалымат кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө биометрикалык каттоого туруу укугу бар 437 миң 384 кыргыз жараны мындай каттоодон өтө элек жана эски үлгүдөгү ID паспорт менен жүрөт.

Мыйзам боюнча мындай жарандар шайлоого катыша алышпайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебинде, Кыргызстанда шайлоочулардын жалпы саны 3,5 миллионго жакын.

16 жаштан жогору курактагы жарандарды биометрикалык каттоого алуу тууралуу мыйзам 2014-жылдын июль айында кабыл алынган. Каттоону Мамлекеттик каттоо кызматы бекер жүргүзөт.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоонун добуш берүү күнү болот.

Булак: Азаттык