Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 242

Бишкек, "Саясат. kg". Эксперт Калнур Ормушев “Биримдик” партиясынын лидери Марат Аманкуловго байланышкан чуулгандуу видео тууралуу пикирин айтты.

-Ачык айтканда, ал партияга да, анын сүйлөгөн сөзү менен коомчулуктун талкуусунда калган мүчөсү Марат Аманкуловго да эч кандай симпатиям жок.

Бирок Аманкуловдун дарегине айтылган саткын, Мекендин чыккынчысы деген кыйкырыктар, өлкөнүн эгемендүүлүгүн жок кылуу коркунучун жаратканы үчүн аны жоопкерчиликке тартууга жасалган чакырыктар өз оюмду айтууга түрткү болду.

Ооба, биздин көптөгөн саясатчылар өз оюн даана жана так жеткирип айтып бере албайт.

Анын үстүно Аманкуловдун сөзү «саткынчылыкка» эмес, биздин өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыгын коргоого камкордукка жакын, ал муну Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүккө кирүүнүн жакшы жактарына байланыштырып айтты.

Ооба, көпчүлүктүн алдында мындай айтуу одоно болуп калды, бирок жолдоштор арасындагы баарлашууда “... үйгө кайтууга убакыт жеткенин” тамаша иретинде айтканы толук жөндүү.

Анын билдирүүсүн адекваттуу кабыл алууну каалабагандар үчүн М. Аманкуловдун сөзүн келтирейин: “...Россия тууралуу кеп барган сайын Киевдик Русь катары эмес, Алтын Ордонун мураскери иретинде айтылып баштады”, башкача айтканда биздин ата-бабалырыбыздын Евразиялык биримдиги тууралуу.

А мен үчүн башка көптөгөн кыргызстандыктар сыяктуу эле Евразиялык элдин биримдиги биздин негизги интеллектуалдык, илимий, индустриалдык, агроөнөр-жай потенциалыбыз калыптанган, биз адабият жана искусстводо секирик жасаган, өлкөбүздө маданият, илим, адабият жана искусство, спорттун эл аралык деңгээлдеги чеберлери жаралган Советтик Союздун курамындагыдай эле элести жаратат. Биздин элдин жана мамлекеттин тарыхындагы ал жылдарды унутуп коюу мүмкүн эмес.

Белгилей кетейин, мисалга алсак, Европанын жарандары Евробиримдикке кошулууну туура деп тапканда өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын такыр сатышкан жок, өз эгемендүүлүгүнө да зыян келтиришпеди.

Жада калса үй-бүлөдө анын ар бир мүчөсүнө көз карандысыздык керек. Анан ал адам кандай гана көз карандысыз, эркин, күчтүү болбосун, ынтымактуу үй-бүлөнүн коштоосунда гана өзүн чыныгы бактылуу жана эркин сезет.

Учурдун эркиндиги жана көз карандысыздыгы өлко жарандарынын эртеңки күнгө болгон ишенимин бекемдерин билүү зарыл, алар ошондо гана тынч иштешет, жакындарынын муктаждыгын чечишет. Аларда карыганда гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирүү же таштандылардан тамак-аш издөө аргасыздыгы жаралбайт деген ишеним болушу керек. Биздин уулдарыбыз криминалдык топтордон материалдык пайда издеп калбайт, а кыздарыбыз башка өлкөлөрдүн көчөсүн шырырып, идишин жуубайт деген ишеним.

Бул жааттагы эркиндикти жана көз карандысыздыкты биз, СССРдин жарандары алганбыз. Ошондуктан Марат Аманкуловдун билдирүүсүнө сын жаадыргандардын эсине муну салам: “Юпитер, сен ачууландың, демек туура эмес кылдың” жана өз элинин жана өлкөсүнүн сакталышы, өнүгүшү үчүн интернетте отуруп алып мекенчилдик жана эгемендүүлүк тууралуу талкуу уюштуруунун ордуна дарак отургузуп, үй куруп, бала тарбиялаш керек деген пикирди карманган көптөгөн, укугу башкалардан кем эмес кыргызстандыктарга кошулам.