Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Кара-Буура айылына барды. 

2 миң сом менен Кыргызстандын эле эмес, бир адамдын да маселеси чечилбейт. Бул тууралуу «Мекенчил» саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

«Элдин айласын кетирип бүтүштү, кайда качаарын билбей калышты. Бул жактан да, тигил жактан да акча сунуштагандар жол торошот. “Миң берейин, эки миң берейин – мага добушуңду бер”, - деп коколошот. Кээ бири мончосуна элди чакырып, жуунтуп да жатышат. Бирок 2 миң сом жана мончо менен Кыргызстандын маселеси чечилбейт. Кыргызстандыкы турмак, бир үй-бүлөнүн оокаты оңолуп кетпейт.  Бирок мамлекетибиздин тагдырына, өлкөбүздүн бутүндүгүнө жана элибиздин бакыбат жашоосуна чабылган балта болоорун унутпаңыздар! Добуш сатып алган талапкер жалаң гана сатып алуу менен алектенет, ал  партиядагы тизмесин сатып алды. Алдыдагы талапкерлердин баары орундарын сатып алышты. Сатып алышпаса эл алдына келип, ачык айтышсын: “Добуш сатпагыла, элди, мекенди ойлогула!” – дешсин. Айта алышпайт, элдин алдына да келе алышпайт. Анткени эл кимдин ким экенин билет. Элдин ырыскысына кол салгандары беттерине чиркөө, элге жолугуудан качышат! Бирок парламентке баруудан эч убакта баш тартышпайт! Силер аларды жазалай аласыңар – акча тараткан партияларга добуш бербегиле! Акчасын чачып бирок парламентке жетпей калышса – алар үчүн мындан өткөн оор жаза жок!» - деди Камчыбек Ташиев.

                                    

 

     

 

      

 

      

 

         

 

  

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү