Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Благовещенка айылына барды. 

Мекенчил инсан эч убакта саясий чайкоочулук менен алектенбейт. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Благовещенка айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Партиялык система аркылуу Кыргызстанга саясий чайкоочулук сиңди. Партиялардын дээрлик баары тизмедеги орундары үчүн талапкерлерден акча алышат. Анан ошол алган акчаларын элге чачып, добушту сатып алууну умтулуп жатышкан чагы. Алдыдагы орундар үчүн 200 миң доллар, 500 миң доллар, бир миллион долларды ким бере алат? Жөнөкөй, эл үчүн иштөөгө умтулган, мамлекетке зыянын тийгизбеген, элдин ырыскысына колун салбаган адамдарда ушунча сумма табылабы?! Жок! Бул сумма коррупционерлерден гана чыгат. Элдин жонунан кайыш тилип тапкан байлыктарынын кичине эле бөлүгүн элге чачышып, “акча менен баарын чечүүгө болот” дегенди бекем карманып алышкан. Аларга мекендин, элдин кереги жок! Аларга байлык жана бийлик гана керек. Мамлекетке же өздөрүнө коркунуч туулса, ошол күнү байлыгын сыртка чыгарып кетишет. А биз калабыз! Ошон үчүн 2 -3 миңге алданбай, бүгүн татыктуу тандоо жасайлы! Сатылган бир добуш бүтүндөй мамлекеттин тагдырына терс таасирин тийгизет!” – деди Камчыбек Ташиев.

 

  

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү