Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 224

Бишкек, "Саясат. kg". Эми кептин баары шайлоочуда калды!

Шайлоо алдындагы үгүт иштери түз финишке чыкты... Катышууну каалаган жана катышкан партиялардын баары. Ар кайсы телеканалдардагы дебаттарды көрүүчүлөрдүн саны өстү. Эн башкысы, ар кайсы партиялардын өкүлдөрүн көрүүчүлөр ар кандай жагдайда көрө алышты. Эч кандай цензура жок, баары түз эфирде, күтүлбөгөн суроолор жана ага жооптору менен. Жер жерлерде алдын ала даярдалбаган жолугушуулар, түнү да фонарлардын жарыгынын алдында болууда. Жүрүшкө акыркы жумада бири бирине компроматтар жарышы да кошулду. Партиялар ар бир шайлоо участкасына байкоочуларын дайындап, 4-октябрга логистиканы иштеп жатышат... 2-3 провокациялык жаңжалды эске албаганда, баары тынчтыкта, акыл менен болуп жатат. Эмитен эле кайсы бир лидерлер аныкталды, бирок жеңүүчүлөрдүн так божомолун эч ким чыгара алган жок. Атаандаштык абдан күчтүү!

Өсүп баратабыз... Өлкөнүн жана мамлекеттүүлүктүн тарыхы мына ушундай жазылат! Эми кептин баары шайлоочуда калды! Эл, сенин саатың келди! Бийлик сенин колуңда!

Акматбек Акматалиев