Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 159

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына барды. 

Коркоктор бийликчил партиялардын этегин кармашат. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

“Эмнеге мен шайлоого мамлекеттеги таасирдүү эки партиянын бири болгон “Ата Журт” менен барбадым? Буга себеп – элим, жерим деп, акыйкаттуулук деп, элимдин байлыгы деп чындыкты сүйлөймүн деген Садыр досумдун абакта жатканы. Мен досумду чыгарып алайын деп “Мекенчил” партиясын жетектөөнү чечтим. Эмнеге мамлекет дегенде жанын берүүгө даяр болгон, чынчыл инсан абакта жатса биз тынч жашообузду улантышыбыз керек? Эмнеге мекенчил уулубуз азап-тозокту көрүп жатканда биз унчукпай турушубуз керек?! “Мекенчил” менен шайлоого бараарымды билгенде жанымда жүргөн акчалуулардын көбү качып кетишти. “Бизге Садырыңдын кереги жок. Биз акчалуу, бийликке ыктаган партиялар менен барышыбыз керек. Бийлик жардам берет, ал партия өтсө, эптеп депутат болуп алганыбыз кеп”, - дешти. Мен азап-тозокко, кыйынчылыкка карабай досумду, достукту тандадым!” – деди Камчыбек Ташиев.

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү