Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Таран-Базар айылына барды. 

 Мамлекетти коррупционерлер эмес мекенчил инсандар сактап калат! Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Таран –Базар айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Мамлекетти элдин канын кактаган коррупционерлер эмес, элим-журтум дегенде жанын аябаган мекенчил инсандар сактап калат! Мекенчилдер жашынбайт, акча таратпайт, эл алдына ачык келип, ачык сүйлөй алат. Анткени артында жаман иши жок, эл ырыскысына суук колун салган эмес, мамлекетке чыккынчылык кылган эмес! Алар көкүрөгүн акыйкаттуулук үчүн тоскон, октон, оттон кайтпаган инсандар! Парламентке мекенчилдер келип таза өкмөттү түзсүн деген ниетте болсок, мамлекетте өзгөрүү болот. Эл коррупционерлер ким экенин билишет, сөөмөйлөрү менен сайып көрсөтүп жатышса да, алар эркиндикте, дагы да мамлекеттин байлыгын уурдоосун улантып сайрандап жүрүшөт. Муну токтотуу керек! Ошондуктан, шайлоодо жүрөк, акыл –эс менен келечекти ойлоп туруп добуш бериңиздер! Бир добуш бересиздерби, миң добуш бересиздерби – адал бериңиздер. Биз да адал кызмат кылып беребиз! ” – деди Камчыбек Ташиев.

 

  

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү