Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 142

Абдрахматова башка партиялардын талапкерлеринен балдардын видео роликтерге катышуусунун себептерин түшүндүрүп берүүгө даярдануусун өтүндү

БШК көпчүлүк добуш менен “Реформа” партиясынын үгүт видеосуна баланын катышуусу мыйзам бузуу деп тапты. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова Facebook баракчасына жазды.

Көрсөтүлгөн саясий бирикмеден депутаттыкка талапкерге айып пул салынды.

«Элнура Алканова жана башка үгүт материалдарында өз балдары бар талапкерлер шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө сиздин видеоңузда эмне үчүн сиздин  балаңыз бар экендигин түшүндүрүп берүүгө даярданыңыз. Эми БШК көпчүлүк добуш менен Реформанын талапкеринин видеосунда үгүт жүргүзүп жаткан баласы мыйзам бузуу деп чечип, арыз ээсине айып пул салды », - деп жазган Абдрахматова.

Булак: vesti.kg