Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 264

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Сузак районунун Октябркое айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди. 

Мамлекеттин тагдырын акчага алмаштыруунун кесепети чоң болот. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Сузак районунун Октябрское айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Добушту сатып алып жаткандар 2 категорияга бөлүнөт. Биринчиси, айыл айылды кыдырып, силердин тизмеңерди түзүп, “Кел, паспортуңду бере кал, мен сага азыр миң сом берем, дагы миң сомду шайлоо күнү аласың”, - дегендер. Алар түзүлгөн тизмени коррупционерге алып барып көрсөтөт да, тизмедеги ар бир фамилия үчүн 4-5 миңден алат. Келип силерге 1-2 миң карматып, калганын чөнтөгүнө салат. Ошону менен байып кетем деп ойлойт, суудан алган акчасы сууга айланып кетерин билбейт. Аларга эл-журттун, мамлекеттин, келечектин кереги жок! Шайлоо маалында 20-30 миң сом иштеп алсам экен гана дешет. Кадимки алдамчылар!

Экинчиси, бул чоңураагы. Бири Бишкекте, бири Ошто, бири дагы бир шаарда жатып алып, жер-жерлерден улуттун кызыкчылыгын, мамлекеттин эртеңин уруп ойнобогон, өзүнө окшоп акчадан башкага кызыгы калбаган адамдарды чогултуп, “Сен бул айылды, а сен тигил шаарды сатып кел”, - деп миллиондорду чачып коет. Ошону менен элдин аң-сезимин бузушат, келечекти эмес, акчаны биринчи орунга койгон улутту түптөөгө умтулушат. Анткени бул аларга ыңгайлуу, элден уурдаган акчанын азыраак бөлүгүн кайра өздөрүнө чачып, парламентке келишет да, беш жыл бизнесин кайтарып, мамлекетке зыян алып келчү мыйзам долбоорлорду колдошот”, - деди Камчыбек Ташиев.

 

  

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү