Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Базар-Коргон районунун Акман айылына барды. 

Өкмөттүн, жооптуу кызматтагылардын кайдыгерлигинен, жоопкерчиликсиздигинен пандемияда бир жарым миңден ашуун кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Базар-Коргон районунун Акман айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Пандемияга алдын ала даярданып, дары-дармек менен элди камсыз кылып, ооруканаларга кошумча орундарды камдап койгондо балким көп өмүрдү сактап калмакпыз. Бир жарым миңден ашуун жарандарыбыз жаман илдеттин курмандыгы болушту. Алардын арасында силердин да жакындарыңар болсо керек, менин да 58 жаштагы бир тууган агам каза тапты. Эгерде өкмөт күнү-түнү башын сайып, элибиздин аманчылыгы үчүн деп иштегенде, сырттан келген акчаларды туура пайдаланганда, мынчалык көп жоготууга учурамак эмеспиз! Өкмөт башчы үч жыл өкмөттү башкарды, илдеттин эпкини бизге жетери менен арызын жазды да кетип калды. Үч жыл чыдаган жаны эки ай чыдабай калдыбы?!  Мына, жакында мурдагы саламаттыкты сактоо министри кармалды. Анткени пандемия менен күрөшүүгө келген 65 миллион сом акчаны жеп коюптур. Ошол акча элге жумшалса, бир бейтапка жүз миң сом каралса, 650 адам бүгүнкү күндө биз менен жүрбөйт беле?! Кыргыз аткаминерлеринин "жемей" адаты экономиканы гана курутпастан, адам өмүрүн жок кыла баштады! Ушундай жоопкерчиликсиздиктин негизинде мамлекет алсырап жатат. Аны күчтөнтүү үчүн Башмыйзамды алмаштыруу керек!” – деди Камчыбек Ташиев.

 

  

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү