Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 234

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Базар-Коргон районунун Арсланбап айылына барды. 

Адам баласы түбөлүктүү эмес, убакыт – сааты келгенде акыркетке кайтат. Бирок артында калтырган эмгеги, жакшы аты жана урпактарга улуу  мурасы – мамлекети болушу керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Базар-Коргон районунун Арсланбап айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Жүз жылдан кийин ушул стадиондо отургандардан эч кимибиз калбайбыз. Баарыбыз күнүбүз бүткөндө акыретке, Алла Талаамдын алдына барабыз. Бирок урпактарга Кыргызстанды бүтүн бойдон калтырышыбыз керек. Элүү жыл, жүз жылдан кийин мамлекетибиз кандай болоору, урпактарыбызга бизден мурас катары өнүккөн, эгемен өлкө калабы же талкаланган жаратылыш менен көз каранды системаны калтырабызбы, жооп  4-октябрда сиздердин тандоого жараша болот! Элим-жерим деген инсандар бийликке келсе, мамлекет утат, эл утат! Мекенчилдер жарым метр жер үчүн өлүп берет! Чек арадагы маселелерди тезинен чечип, ал жактагы элдин социалдык маселесин жөнгө коюуга бүт аракетин жумшайт! Коңшулар бизди билгидей болсун, “бул кыргыз деген жаман, жарым метр жери үчүн жанын берет”, - дешсин. Биз үчүн мамлекеттин бүтүндүгү, эгемендүүлүгү керек!” – деди Камчыбек Ташиев.

 

  

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү