Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 246

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Базар - Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылына барды. 

Депутаттын эки түрү бар - арам акчасына элди сатып алып, парламентке бизнесин коргоо үчүн баргандар жана элдин кызыкчылыгын башкы орунга коюп, акыйкаттуулукту талашып безилдегендер. Эл кандай кааласа ошондой парламент куралат.  Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Бир добуш, эки добуш деп коебуз, анын артында бир адамдын өмүрү, беш жылдык ишеними турат. Бир добуш – бир тагдыр, бир жашоо. Ар бириңер бирден гана добуш бересиңер, ошол бир мүмкүнчүлүгүңөрдү коррупционерлердин элдин эмгегинен жулуп алган ыпылас акчасына сатасыңарбы же туура пайдаланасыңарбы?! Дагы бир жума убакыт бар, ойлонгула! Эртең кандай депутаттарды көргүңөр келет?! Безилдеп элдин таламын талашкан, карапайым жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жанын берүүгө даярлардыбы же бүгүн добушуңарды сатып алып, эртең бизнесин коргоп, анын айланасынан чыга албай, бийликке кошомат кылгандардыбы?!  Силер кандай кааласаңар, ошондой болот! Биздин колубузда силерди сатып алганга акча жок, болгон учурда да сатып алмак эмеспиз! Анткени биздин ниетибиз таза, парламентке мамлекеттин тагдыры үчүн барууну кааладык. А коррупционерлер бүгүн бул, эртең тигил бийликке иштейт да, бир аз коркунуч жаралса байлыгын жыйнай салып, качып кетет”, - деди Камчыбек Ташиев.

   

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү