Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 276

 Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Базар-Коргон районуна барды. 

Эгемендүүлүк – кыргыздардын чоң бактысы, кандай кырдаал болбосун бул бактыбыздан айрылбашыбыз керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Базар-Коргон районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Мен мамлекетимден айрылсам жүрөгүм жарылат! Жакында айрымдар тарабынан эгемендүүлүгүбүздөн кайтсак боло берет дегендей пикир айтылды. Эч убакта, эч качан, кандай кырдаал болуп, башыбызга кандай мүшкүл түшпөсүн – эгемендүүлүгүбүздөн айрылбашыбыз керек! Кыргызды кыргыз бойдон сактап калалы десек, көз карандысыз мамлекет катары ар дайым калышыбыз керек!

Мен душманга тик караган, оттон, октон кайтпаган, элим-жерим дегенде жанымды берүүгө даяр адаммын! Бизден элди-журтту кыйнаган, бийликке ээ болуп, бийлигин башкара албай элди эзген коррупционерлер коркушсун! Биз алардан коркпойбуз!” – деди Камчыбек Ташиев.

 

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү