Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 218

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" партиясы Кочкор-Ата шаарына барды. 

Патриот уулдарын кор туткан мамлекеттин келечеги татаал болот. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кочкор-Ата шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“4-октябрдан кийин Кудайдын жана силердин колдооңор менен парламентке барып калсак Садыр досумду абактан чыгарып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Садырдай элим-жерим деп күйүп-жанган уулдарын абакка камап, коррупционерлерге жашыл жарык жандырган мамлекеттин келечеги кыйын болот. Акыйкаттуулукту бийик кармагандар, мамлекетибиздин байлыгы элде калсын, элдин турмушун жакшыртууга пайдаланылсын дегендер абакта жатса, биз минтип, коррупционерлердин бир ай чачып, беш жылда кайра аны он эселеп топтоп алчу акчасына чардаганыбыз болбойт! Духу бийик уулдарыбызды кор тутсак, акыр аягында мамлекетибиз кор болот! Бүгүн биз акыйкаттуулукту элден күткөн уулубузга кол сунбасак, эртең бизге кол сунаар эч ким табылбайт. Мекенчилдик сезими жок, мамлекет эмес, өз кызыкчылыгын башкы орунга койгондор бүгүн элибиздин добушун сатып алууга аракеттенсе, эртең мамлекетти сатууга киришет! Ошондо арманыбызды айтууга адам таппай калабыз! Садыр канчалык азап-тозокту башынан өткөргөнү баарыңыздарга маалым. Кыйнашты, кескилешти, апасын, атасын, чырактай баласын жоготту! Бирок духун түшүргөн жок, ушул азыр да мамлекеттин эртеңинен санааркап, элинин эркиндиги жана бакыбат жашоосу үчүн болгон күрөшүнөн баш тартпай отурат! Ушундай балдарды колдогонубуз өзүбүздүн келечегибизди колдогонубуз экенин түшүнөлү!” – деди Камчыбек Ташиев.

 

  

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү