Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 308

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Майлуу-Суу шаарына барды. 


Добуш сатып алып, элди кул мүнөзгө айландырам деген адам айылдашың эмес, бир тууганың болсо да каршы туруу керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Майлуу-Суу шаарынын шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Кайсы партияда добуш сатып алууга аракеттенсе, ошол партияга добушуңарды бербегиле! Ошондо жеңесиңер! Адам жүрөгүнөн мекенчил болушу керек. Бийликке барып, депутат болгондон же чоң кызматта иштегенден кийин мекенчил болуп кетпейт. Мекенчилдик адамдын жүрөгүндө ал төрөлгөндө кошо жаралат. “Өз агасын агалай албаган, бирөөнүн агасын сагалайт” болуп, башкаларга барып, ал жактан көтөрүп келген акчасын силерге чачып жаткандар да бар. Сатылбагыла! Мамлекет, элим-журтум деп күйүп-жангандарга добушуңарды бергиле! Өз элин чаап алчудай болуп, бул жактан, тигил жактан акча тараткандар көп. Алар силерге жүргөн-турганы, кылган эмгеги, сатылбаганы жана сатпаганы менен үлгү болуштун ордуна кыргызды акчага сатып алам деген ниеттери күчтүү болууда. Акчага сатып алып, элди кул мүнөзгө айландырам дегендер өзүңөрдүн бала болмок тургай, бир тууганыңар болсо да каршы чыгыш керек. Кыргызстан, мамлекетибиз – айылдаштарыбыздан, коңшубуздан бийик турат! Ушуну унутпайлы!” – деди Камчыбек Ташиев.  

 

  

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү