Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 215

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" Үч-Терек районуна барды. 

Кайрымдуулук иштер элдин добушун эмес, ыраазычылыгын алууга багытташ керек. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Үч-Терек районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Мен кайрымдуулук иштерим үчүн добуш бергиле дебейм. Жакшы иш кылсам мамлекетим үчүн, жол салсам элимдин ыңгайы, ыраазычылыгы үчүн жасадым. Эч бир кылган ишимди милдет кылбайм! Азыр акча сунуштагандар элди адам ордуна көрбөгөндөр. Алар бизди дүңүнөн сатып алууну каалашууда. Дүңүнөн сатылгыдай биз товар эмеспиз! Алар бул кылыгы менен элди шылдыңдап жатышат, мамлекеттин тагдырын ойлонушпайт, өз кызыкчылыктары маанилүү. Ар бириңиздер акчага алданбай, бир добушум элдин жашоосуна, мамлекеттин жаркын келечегине пайдасы тийсин деп ниетти түздөп, добуш берсеңиздер туура тандоо жасаган болосуздар”, - деди Камчыбек Ташиев.  

      

 

               

 

         

 

           

 

       

  "Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү