Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 301

Бишкек, "Саясат. kg". №2 – мамлекетти туңгуюктан алып чыга турган “Мекенчилдер” партиясы!

-Бул шайлоо чөнтөк менен жүрөктүн ортосундагы күрөш болуп жатат. Башкача айтканда, эл дагы алданганы турабыз. Ар бириңиздердин үйүңүздөргө чейин барып, миң-эки миң сом сунуштагандар көп. Ошол акчаны алып жатканда баламдын бетин кантип карайм деп ойлондуңуздарбы, “балам, сенин келечегиңди эки миң сомго сатып жибердим”, - деп айта аласыздарбы? Коррупционерлерге, элдин добушун сатып алам деген чыккынчыларга бүгүн бийликти кармата берсек, эртең мамлекетибиз жоголуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, терең ойлонуп чечим кабыл алалы.

Биз, “Мекенчил” партиясы мекенчил, жаш, таза талапкерлерди алып чыктык. Биздин катарыбызда коррупционерлер жок. Андыктан акча тарата албадык.  Биз болгону элибиздин көзү ачылды, мекенчилдик духу күчөдү, бизди колдойт деген үмүт менен шайлоого аттандык. Кудай буйруп, элибиздин колдоосу менен парламентке келип калсак, кыска мөөнөттө кардиналдуу өзгөрүүлөрдү байкайсыздар. Партиялык-олигархиялык-криминалдык системаны жок кылабыз, анткени 2010-жылы түзүлгөн Башмыйзам он жылдан бери мамлекетти талкалап келатат. Мамлекетти талкалоого жол берген адамдардын жоопкерчилигин карайбыз. Биздин реформанын негизинде Кыргызстан башка жолго түшөт, бир баштуу жоопкерчиликтүү системаны орнотобуз. Эл өзү президенттик же парламенттик башкарууну тандайт. Ага жараша система орнойт.

Урматтуу, шайлоочулар. Алданбайлы, сатылбайлы! Шайлоого келгенде №2 – “Мекенчил” партиясын эске түйүңүздөр. №2 – бул биздин келечек! №2 – мамлекетти туңгуюктан алып чыга турган “Мекенчилдер” партиясы! Мен элибиздин духу күчтүү, бийик эл экенине ишенем!