Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 266

Бишкек, "Саясат. kg". "Мекенчил" саясий партиясы Токтогул районуна барды.


Эгер жарандар добуштарын сатса, анда акча таратпаган партияларга программасын айтуунун зарылчылдыгы жок. Бул тууралуу “Мекенчил” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Токтогул районунун шайлоочулары менен жолугушууда билдирди.

“Эл алданып калууда. Акча тараткан партиялардын аракетин “Ии, бизге күйүп жатышат, ошон үчүн акча таратышты”, - деп кабыл албагыла. Алар силерге мээнетинен табылган каражатты, же үйүн, машинасын сатып акча берип жаткан жок. Алар силердин ырыскыңардан уурдалган акчаны кайра өзүңөргө берип жатышат. Добуш сатуу – бул кылмыш. Мыйзам чегинде добуш сатып алган адам эки жарым жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми добуш саткан адамга 200 миң сомго чейин айыппул салынат. Ойлонгула! Добуш сатуу – мамлекеттүүлүктү сатуу менен барабар. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында ар бир облустук, райондук жетекчилерине, укук коргоо кызматтарына добуш сатуу жана сатып алуу аракеттерин токтотуу максатында тапшырма берген. Эгерде силер добуш сатсаңар, акча таратпаган партиялар программабызды айтып эмне кереги бар? Биз добуш сатып алалы деп келбедик, программабызды айтып, Кудай, эл колдосо парламентке барып калсак, ошолорду ишке ашыралы деген изги тилек менен келдик”, - деди Камчыбек Ташиев.

     

 

"Мекенчил" саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тологонова Аида Бейшеналиевнанын тескөөсү менен жайгаштырылып, төлөндү