Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 219

Билишибизче “Ата-Мекен” партиясынын өкүлдөрүн тигил же бул конкреттүү аймакка, анын ичинде Кара-Кулжа районуна киргизбей коюу жөнүндө эч жерден эч кандай көрсөтмө болгон эмес.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоого катышып жаткан айрым партиялар өздөрүнө элдин көңүлүн бурдуруп, боорлорун ачытып, добуштарды көбөйтүү үчүн бардык аракеттерин жасашууда. Анын бир мисалы катары “Ата-Мекен” партиясынын өкүлдөрүнүн Кара-Кулжа районунун шайлоочулары менен болгон жолугушуусундагы, аталган партиядан талапкер Рыскелди Момбековдун сөзүн көрсөтүүгө болот. 

Ал адегенде эле өз сөзүн “жогортон “ата-мекенчилерди” Кара-Кулжага киргизбөө жөнүндө көрсөтмө болсо да аны аткарбай өздөрүн кабыл алгандары үчүн жолугушууга келгендерге ыраазычылыгын айтып, айрымдар “ата-мекенчилер” менен кошо кытайлар  келатышат деп коркутушкандыгын, чындыгында  ал топтогулардын арасында жападан жалгыз кытай өзү экендигин, ал эми аны кытай деген адамдын өзү  Жалал-Абаддык жарым корей, жарым кыргыз экендигин билдирди.
Билишибизче “Ата-Мекен” партиясынын өкүлдөрүн тигил же бул конкреттүү аймакка, анын ичинде Кара-Кулжа районуна киргизбей коюу жөнүндө эч жерден эч кандай көрсөтмө болгон эмес. Антип аутсайдерлердин катарында келаткан партияга акысыз пиар кылгыдай бийликтегилердин башы шишиптирби? Азыр жер-жерлердеги шайлоочулар белгилүү анекдоттогу апендинин ыкмасына өтүп алышкан. Ким, кандай партия барбасын чогулушат да сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн угуп, сылык-сыпаа суроолордон берип, иштерине ийгиликтерди каалап, дүжүр баталарын да берген менен баары бир өздөрү мурдатан тандагандарга гана добуш бере беришет. Бул биринчиси. Экинчиси, эгерде чындап эле бийлик бут тоскусу келсе, биринчи, экинчи качкын президенттердин убагында кеңири  колдонулган андай примитивдүү ыкмаларды эмес, кабат-кабат көшөгөлөргө  оролгондуктан эмне экендигин, кайдан чыккандыгын оңой менен түшүнбөй турган заманбап технологиялардын  бирин эле колдонмок.  
Ал жерде Рыскелди Момбеков адатынча жөө чечендигине салып, өзүнүн Таластын Шекериндеги кытай уруусунан экендигин оозануу менен Кара-Кулжалык кытайларды өзүнө тартып, жолугушууга келгендерде жок дегенде боор ооруу сезимин пайда кылгысы  келгендигин түшүнүү үчүн ашкере акылдын деле кереги жок. Анткени, кытай уруусундагылар Ош менен Жалал-Абаддын көпчүлүк райондорунда бар. Р.Момбеков мурдатан алар менен жолугушуп, туугандашып жүргөнү, ал жерде айткан Каработо бий бабасынын мүрзөсүнө эстелик тургузгандыгы да чындык. Албетте, ар ким өз жек-жааттары менен ымала кылганга укуктуу, бирок  төбөсү көрүнгөн саясатчынын шайлоо кампаниясында өзүнүн кара кытай уруусунан экендигине, ал эми атаандаштарынын бири жарым корей, жарым кыргыз экендигине өзгөчө басым жасагандыгы  бир  чети мамлекеттик кызматкердин этикасына ылайык келбесе, экинчи жагынан кудай урган уруучулукту, тууганчылыкты ойготуп, өнүктүргөнгө гана түрткү боло тургандыгын эсибизден чыгарбайлы. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы