Печать
Категория: Шайлоо 2020
Просмотров: 215

Же №2- форма жөнүндө чындык сѳз

Шайлоо боюнча аракеттеги укук-ченемдик актыга ылайык, эгерде шайлоочу добуш бере турган күнү катталган жеринен башка жерде боло турган болсо, ал №2-формадагы арызды толтуруп, башка участкадан добуш берсе болот. Бирок, андай арыз добуш бергенге эки жумадан кем эмес убакыт калганга чейин толтурулуп тапшырылышы керек. Бу жолку шайлоонун алдында андай арыз жазгандар өтө эле көп болду деп жатышат, бирок  биз аны билбейбиз, БШК ал маселе боюнча маалыматтарды жарыялай элек. Ал айтылгандар чын болушу да же жөн эле шайлоо алдындагы көп өрдөктөрдүн бири болушу да ыктымал. 

Калыс алып караганда, мунун өзүндө тынчсыздандыра турган эч нерсе жок. Шайлоочу кайсыл жерде болсо да өзүнүн Конституциялык укугун ишке ашырып, шайлоо жөнүндөгү Конституциялык мыйзамга ылайык добуш берсе болду. Ал жерде деле башка жактан баргандын добуш берүүсү биометрикалык  иденттештирүүчү маалыматтар аркылуу паспорттун негизинде добуш берет. Ал бир жерге добуш бергенден кийин маалыматтары шайлоонун жалпы компьютердик системасында катталып, өзү жашаган жер боюнча дагы бир ирет добуш бергенге мүмкүн болбой калат. Же мурдагы убактардагыдай аны “каруселге” айландырууга мүмкүн эмес. Демек, айрымдардын ал шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусуна, добуш берүүнүн жана жыйынтыктарды чыгаруунун ачыктыгына терс таасирин тийгизет, анда шайлоочулардын 25 пайызга чейинкиси жөн эле добуш бергенге барбай коюшат дегени реалдуу абалга ылайык келбейт. Бул тууралуу акыркы убактарда эмнегедир көчө саясатына активдүү аралашып бараткан (кандай стратегиялык изилдөөлөрдү ишке ашырып,  мамлекет башчысына кандай стратегиялык кеңештерди берип жаткандыгын билбейбиз) Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаевдин “Учурдагы шайлоо өнөктүгү, шайлоочулардын тизмеси, форма №2 жана башка маселелерге карата ызы-чууну карап туруп, бул жагдай азыркы  шайлоо системасын дискредитациялоо, мурдагы протокол менен будамалап коймой, “Кинг-конг аке өзү биледи...” деген системага кайра кайтуу үчүн эле түзүлүп, ошол багытты карай аракеттер болуп жаткандай сезилет... Эмоцияга жетеленип, бул автоматташтырылган түзүмдү талкалап алсак, анда өзүбүздүн эле шорубуз” - дегени реалдуу абалды толук таразалабаган эмоциялардан экендиги шексиз. Ал  “Кинг-конг аке өзү биледи...” дегени  менен кимдин короосуна таш ыргыткысы келди экен? Же бирөөлөргө тийишкениби? “Биледи” менен Кинконгсуз эле тийише берсе болбойт беле?

Мында Эмилбек Каптагаевге каршы айта турганыбыз: биринчиден, шайлоого баргысы келбеген адам эч качан “мен башка жерден добуш берем” деген арызды толтурбайт. Антип жөндөн жөн  эле убаракерчилик тарткыдай башы шишиптирби?! Ал жөн эле  4-октябрда шайлоого барбай коёт. Шайлоого катышууга чындап ниет кылгандар гана №2-формадагы арызды толтурушат. Экинчиден, ал форманы айрым партиялардын, тагыраагы «Республика», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Ата-Мекен»,  «Мекенчил», «Бир Бол», «Биримдик» партияларынын талапкерлери  өз максаттарына пайдаланышы мүмкүн дегенге да толугу менен кошулууга болбойт. Бул жерде алар мыйзамга каршы иш кылышкан жок. Алар мыйзам уруксат бергени үчүн жасап жатышат. Анткени, ал партиялар элди добуш берүүгө барууга үндөп, чакырып жатышса, анын эмнеси жаман? Маселе, БШК эми “Форма-2ни” ѳз кѳзѳмѳлүнѳ алып, алардын добуш берүүлѳрүнүн мыйзамдуулугун камсыз кылуусунда  жатат. Кандай партия добуш берүүгѳ чакырбасын, эч ким кабинага шайлоочу менен кошо кирип, кимге добуш бергенин көзөмөлдөй албайт. Сыртта кимдер менен көңүл үчүн көз кысышпасын ичкери киргенден кийин кимге добуш беришти шайлоочу өзү гана чечет. Эгерде  айрым партиялардын өкүлдөрү башка жолдор менен шайлоочулар менен тил табышып, аларды өздөрүнө тартып алгылары келишсе, ал максаттарын кай жерде болбосун ишке ашыра беришет. Ал шайлоочунун абийир, намысындагы гана нерсе. Анда шайлоочунун кай жерде добуш бергени эч кандай деле роль ойнобойт. Эки адамдын жекеме жеке сүйлөшүп, тил табышканын эч ким көзөмөлдөй албайт.

Жыйынтыктап айтканда, бу шайлоого №2-форма менен да кирүүдөбүз. Жагабы, жакпайбы, каалайбызбы же каалабайбызбы, ал мыйзамдуу реалдуу факт. Азыр анын тегерегинде ашыкча сөздөрдү көбөйткөндүн тыйынча да пайдасы жок. Эгерде, кокус ал өзүн актабаса, кийинки шайлоого чейин аны өзгөрткөнгө, же биротоло алып салганга эч ким тоскоолдук кылбайт.

Булак: "Майдан.kg" газетасы